Бишкектеги "Алкан" базарында таштанды таштоочу урнанын жанынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Жашы 50-55 чамасындагы белгисиз адамдын жансыз денеси 3-январь күнү саат 12:45те табылган. Анын денесинен жаракаттын издери байкалган эмес. Мурдунун учун белгисиз жаныбар кемирип кеткен. Учурда жансыз дене өлүк сактоочу жайга жөнөтүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.