Кытайда бычак менен куралданган адам бала бакчага кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30 чамасында Кытай Эл Республикасынын Гуанси-Чжуан автономдуу районунда болгон. Анда бычак көтөргөн адам бала бакчага кирип келип 11 балага бычак сайган. Учурда бычактан жабыркагандардын бешөөнүн абалы оор. Ал эми кылмышкер полиция тарабынан кармалып, камакка алынды. Учурда кармалган жарандын эмне себептен мындай ишке барганы такталууда.