Жайыл районунда адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Жайыл районунда адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул кылмышка шектүү катары кармалган 50 жаштагы Д.Юнун айтымында, окуя 2-январь күнү саат 19:30 чамасында Кара-Балта шаарында болгон. Анда Д.Ю. мас абалда 64 жаштагы Т.Ага жолугуп, кийин экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Ошол учурда шектүү Т.Аны катуу нерсе менен башка чаап, өлтүрүп алган. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан