Базар-Коргон районунда мектепте өрт чыкты

Базар-Коргон районунда мектепте өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат 4-январь күнү саат 13:44 чамасында келип түшкөн. Анда Шыдыр айылындагы Б.Анаркулов атындагы №13-орто мектепте өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен окуу классынын 38 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Кырсыктын келип чыгышына жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан