Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-январь күнү Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине 30 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адам 3-январь күнү саат 19:00 чамасында бычак менен коркутуп, эч себепсиз сабап салганын айткан. Учурда бул кылмышка шектүү катары 34 жаштагы И.У. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан