Стамбулда тургундар түнкү клубга кол салган адамга окшоштуруп түркмөн жаранын сабап салышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда түркиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 4-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00 чамасында болгон. Анда К.М. аттуу Түркмөнстандын жараны көчөдө бара жатканда топтошкон адамдар аны түнкү клубга кол салган адамга окшоштуруп сабап салышкан. Ортого полиция аралашып, түркмөн жараны аман калган. Анын паспортун текшерүү учурунда визанын убактысы бүтүп калганы белгилүү болгон. Мындан улам ал Чет элдик жарандар менен иштөө башкармалыгына алынып келинген. Эми аны өлкөдөн чыгаруу маселеси каралат.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна куралдуу кол салуу болуп, 39 адам каза тапкан. Ал эми 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Бул окуяга шектүүнүн сүрөтү жарыяланып, издөөгө алынган. Азырынча ал табыла элек.