АКШда колу-буту байланган жарандын кыйноого кабылган видеосу социалдык тармакка тарады

АКШдагы Чикагодо колу-буту байланып, оозу таңылып жерде отурган жаранды бир нече адам ар кандай кыйноого жана мазактоого алган видео социалдык тармакка тарады. Бул тууралуу "New York Post" басылмасы жазып чыкты.

Видеодо кара терилүү адамдар жаранды байлап, ур-тепкиге алып, мазактап, бычак менен чачын жана кийимин кескилешип, ар кандай уят сөздөр менен кемсинтишкен. Алар "Трамп үчүн добуш бердиңерби? Бул абал мага күлкүлүү болуп жатат", "жерди өп", "кара терилүүлөрдү жакшы көрөм" деп айт", "сага эч ким жардам бербейт" деген сөздөрдү айтышкан. Бул видео интернет ааламына тараган соң 4 адам кармалган.

Маалыматка ылайык, жабыр тарткан жаран досуна кеткен бойдон дайынсыз болгон. Ал качан уурдалганы жана канча мөөнөт зөөкүрлөрдүн колунда болгону белгисиз. Аны көчөлөрдүн биринде бара жатканда таап, ооруканага жеткиришкен.

Шектелип кармалгандарга каршы азырынча арыз түшө элек. Жергиликтүү активисттер видео расалар арасында түшүнбөстүк жаратпашына үмүттөнүшөрүн айтышкан.

Ошондой эле басылма мындай окуя биринчи жолу катталбаганын эскерткен.

Америкада сабалган жарандын видеосу чуу жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azizbek.kg8
2017-01-05 19:01:19
Эми жаман болушат ак каралардын арасында
+4
raykray
2017-01-05 21:51:33
Буларда да кээде ак кара болушат ХХХ,бизде тундук туштук дегендей, окуганда коркуп окудум тынчтык эле болсун, аалам тынч уйун тынч
+1
erkeleim
2017-01-06 01:39:53
эки буттуу жырткычтар...((
+1
kamchatka
2017-01-06 09:25:15
Буларды ошентип уруштуруп коюш керек да башка мамлекеттерге таасирин тийгизе албагыдай кылып!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан