Түнкү клубга кол салган адамдын улуту уйгур болушу мүмкүн экенин бүгүн, 5-январда Түркиянын премьер-министринин орун басары Вейси Кайнак билдирди.
Анын айтымында, кылмышкер колго түшө элек, бирок анын кай жакта жүргөнү аныкталган.
Буга чейин "клубга кол салган жаран менен байланышта болгон" деген шек менен 40 адам кармалганын түркиялык басылмалар жазышкан эле. Анда алардын көпчүлүгү Дагестан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынан келишкени айтылган.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна куралдуу кол салуу болуп, 39 адам каза тапкан. Ал эми 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Бул окуяга шектүүнүн сүрөтү жарыяланып, издөөгө алынган.