Орусияда 21 жаштагы Арууна Камбарова изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.
Маалыматка караганда, 21 жаштагы Арууна Камбарова 2016-жылдын 7-сентябрынан бери дайыны жок, ата-эне, бир туугандары менен байланыша элек.
"Бизге Кыргыз Республикасынан Шааркан аттуу апа келип кайрылды. Ал Москвага 10 күн мурун келип, кызын өз алдынча издеп көргөн, бирок андан эч майнап чыккан эмес. Биздеги алдын ала маалыматтар боюнча, Арууна Камбарова жигити Канат аттуу бала менен Москвада жүрөт. Эгер анын жүргөн жерин билгендер болсо, 89268908700 номуруна кабарлап койсоңуздар. Апасынын жүрөгү ооруп, ыйлап араң отурат", - дейт Алиев.
Арууна Камбарова Өзгөн районунун Куршаб айылынан болот.