Чүй облусунда жүк ташуучу унаа өрттөнүп, айдоочу колунан күйүк алды

Чүй облусунун Москва районунда жүк ташуучу унаа өрттөнүп, айдоочу колунан күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат 5-январь күнү саат 08:23 чамасында келип түшкөн. Анда Александровка айылындагы унаа токтотуучу жайда оор жүк ташуучу унаанын кабинасы күйгөн. Өрттүн натыйжасында айдоочу колунан күйүк алып, ооруканага "Тез жардам" менен жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан