Суу каптоодон улам Германиянын түндүгүндө өзгөчө абал киргизилди

Германиянын түндүгүндө өзгөчө абал киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, 4-январь күнү Балтика деңизинин жээгинде катуу шамал болуп, анын негизинде бийик толкундар пайда болгон. Ошондой эле Любек, Росток, Варнемюнде жана Висмар шаарларынын көчөлөрүн суу каптаган. Адистердин баамында, суунун деңгээли нормадан 1,5 метр жогору. Акыркы 10 жылдан бери мындай суу каптоо болгон эмес. Бир канча имараттар зыян тартып, көчөдө жөө адамдардын жүрө албай калганы айтылууда.

Ал эми Германиянын чыгыш жана түштүгүндө кардын жаашы токтой элек.

Айта кетсек, өлкөнүн түндүгүндө ушундай көрүнүш 2006-жылы катталган. Анда Эльба дарыясындагы суунун деңгээли нормадан 7,5 метрден жогору болгон. Анын кесепетинен 25 миң адамды эвакуация кылганга туура келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан