Кечээ, 5-январда саат 21:10до очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-январда кабарлады.
"Жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында, Луговой айылынан түштүк-чыгышты көздөй 15 чакырым, Мерке шаарынан түштүк-батышты көздөй 30 чакырым, Талас шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 60 чакырым, Бишкек шаарынан батышты көздөй 145 чакырым алыстыкта болгон", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз жергесинин калктуу конуштарында жер титирегени сезилген эмес.