Таластагы "Манас" универмагында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо саат 09:57 чамасында толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 300 чарчы метрди түзгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Буга чейин Талас шаарындагы Манас көчөсүндө дүкөн өрттөнүп жатканы айтылган.