Кыргыз жараны Акжол Калбаев Тажикстанда кыйноого кабылды (өспүрүмдөргө жана нерви жукаларга сунушталбайт)

Кыргыз жараны Акжол Калбаевди Тажикстанда кыйноого алгандар кармалышты. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны Калбаевди ишкердик боюнча өнөктөшү, “Таджирон” деген компаниянын ээси Набижон Набиев жана анын баласы Хаким Набиев алдоо жолу менен Кожент шаарына чакырган. Эч нерседен кабары жок Калбаев Кожентке барган учурда аны катуу токмоктошуп, кыйнап, жакындарынан 23 миң доллар талап кылышкан.

Бул маалымат белгилүү болгон соң тажик коопсуздук органдарынын көмөгү менен кыйноодогу кыргыз жараны 29-декабрда бошотулуп, 30-декабрда Тажикстандан чыгып кеткен. Аны катуу кыйнап коюшкандыктан сүйлөй албай калган. Учурда ал Оштогу ооруканада дарыланууда.

Ал эми Калбаевди сабап, ага кыйноо көрсөткөн ата-бала Набиевдер камакка алынышты. Кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
Boldukan86
2017-01-06 16:11:03
Эмне болду эми муйуз чыктыбы ХХХ ата бала ошондой ишке барса. башка жарандарга эмес так оздоруно корсотуш керек кордук кандай болоор экенин
0
Boldukan86
2017-01-06 16:14:19
Айтмакчы колу буту эмнеге байланып турат? тушунуксуз танылып да турат бинт менен. болницабы же кыйноого алынган учурбу?
+2
Take_men
2017-01-06 19:27:21
Boldukan86,кармалган тажиктердин телефонунан алынса керек же баланын туугандарына жонотушкон тажиктер
+1
jazmina909090
2017-01-06 17:54:50
Эмнеге кыргыздарды ар кайсы жактан кыйнап жатат бир кызыбызды Турцияда сабап бирин Таджиктер сабап биздин эмнебиз кем алапдан муштум жегидей.Биздин кандай экенибизди билишбейт окшойт.
+6
Aisuluu22
2017-01-06 20:35:56
Чон элэ киши экен Кайсыл башы менен алданып Барган
0
altunbek78
2017-01-06 20:42:12
Озу бизге чала, тажиктерди машиналарга бекитип темный жолдор менен россияга узатып жана тосуп алып эч кимге урдуртпай кайра тажикстанга откоруп жатабыз, ойлонуп коргулочу дегеле кыргыз элине ким же кайсы улут жакшы мамиле жасайт, макал барго, эчки тууйалбай жатып, койго арачы тушот дейт.
+4
aktivist0707
2017-01-06 21:24:04
[moderated]ан досун болсо ай балтан жанында болсун деген созду унуткан экен бир тууганым.
0
kenjebek_a
2017-01-06 21:31:01
Тажикстан менен чек араны каттуу 2ай жапса алар бизге жон эле чоголойт.Бензин,тамак аш ал турсун баткендин оругу дагы рассияга тажикстандын аты менен кетет.Биз чекараны жапсак алар эмне пакистандан же афганистандан алабы.Бирок биздин чондордун оокаты токтоп палат.Бут чондордун бизнеси тажикстанда кантробанда.Таяк жегенибиз жонундо болсо,президент менен депутаттардын кебетеси ал болсо,биз тажик,орус,туркторго асылбай сабашты жепжутаттар менен бийликтен башташыбыз керек.Намысы жок боккурсактардан.
+5
fea1990
2017-01-06 23:46:57
kenjebek_a, аявай туура жазыпсыз эгер чек ара жалылса тажиктар акча калат. Камаз тонна жуктор отот.
0
Kaan
2017-01-06 21:38:26
Борбор азиядагы эн алсыз олко болгонубуз абдан окунучтуу
+2
kadamjai90
2017-01-07 11:01:40
ата бала набиевтердин суротунда корсоткуло. коруп калсам. менда биир кыйнап койойун айбандарды
+1
sgushenka
2017-01-08 00:43:58
Ой журогууум, козумдон жаш куюлуп куюлуп кетти!!! Жакшы болуп кетиниз((( Ошол ата баланы жер жутсун.
0
nurikkg1
2017-01-08 04:07:32
Мен да тушком буларга ноо кийин очумду алгам этият болгула
0
admin_portal
2017-01-09 11:35:08
Barchynbek, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
admin_portal
2017-01-09 11:37:36
tilek-x, башкалардын улутун, динин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат. Эскертүү!
0
Zazharka
2017-01-09 12:38:06
эхх ото окунучтуу атабыз байкебизге байкебиз эжебизге тануулап журушот
Ээхх Атамын мээримин сагындым бизге болгон внимания жок сайрандап журот той ашта
0
tyrgon
2017-01-15 21:56:27
туштуктогу кыргыздарга ынтымак берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан