Кочкор-Ата шаарында балдарга карай ок атуу окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Кочкор-Ата шаарында балдарга карай ок атуу окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 31-декабрь күнү саат 00:30 чамасында Маданият үйүнүн жанында болгон. Анда белгисиз айдоочу Субару Легаси унаасы менен топтошкон балдарды сүзүп кете жаздаган. Буга ачууланган балдар айдоочу менен уруша кетишкен. Ошол учурда унаанын ичиндеги белгисиз адам ок атуучу курал менен биринчи жерге, анан балдар тарапка ок аткан. Анын кесепетинен 1993-жылы туулган Ж.Т. бетинен жана 1992-жылы туулган А.К. башынан жараат алган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1983-жылы туулган С.Г. жана 1975-жылы туулган Э.Г. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aksikent96
2017-01-06 19:15:34
Кутуруп эмне кыларын билбей калгандар да. Кетмен чаап мээнети менен жашаган адам мындай иштерге барбайт эле.
+1
Aisuluu22
2017-01-06 19:39:23
Уят элэ Кочкората Коммунизм
+1
ainura220888
2017-01-06 22:21:00
Кочкор ата жакшы жактан чыкылачы то авария то ур токмок боло бербей
+4
aika0906
2017-01-06 23:16:22
А.К. ким экен?
0
ABDISHkg87
2017-01-07 02:44:41
Чондору чон дебей кичуулору кичуубуз дебей ыйман жоктугу жана арак себеб баарына! Улууга урмат кичууго ызат деген соз бекеринен айтылган эмес! Мына натыйжасы..
+2
Beka95
2017-01-07 12:03:34
Кочкор-Ата шаары криминал боюнча 3 чу орунда турат экен Кыргызстан боюнча. Анан ушундай окуялар болбой эмне болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан