Бишкекте айдоочу жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.
Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы бүгүн саат 19:45 чамасында Юнусалиев жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Белгисиз айдоочу жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп бараткан кызды унааcы менен сүзүп, жардам көрсөтпөстөн из жашырып кеткен. Жабыркаган кыз болжол менен 25-30 чамасында. Аны "Тез жардам" кызматкерлери алып кетишти. Ал эми Патрулдук милициянын кызматкерлери айдоочуну издеп жатышат.