Түркиянын Измир шаарындагы жардырууга шектелип 18 адам кармалды. Бул тууралуу Түркиянын юстиция министри Бекир Боздаг билдирди.
Анын айтымында, жардырууну Күрд жумушчулар партиясы уюштурган.
Айта кетсек, 5-январь күнү Түркиянын Измир шаарындагы сот имаратынын жанында токтоп турган унааны белгисиз адамдар жардырып жиберишкен. Анын кесепетинен бир полиция жана сот кызматкери каза таап, 17 адам жабыркаган. Ал эми эки согушкер дароо полиция тарабынан жок кылынган.