Мындан 2 жыл мурун, 2015-жылдын 7-январь күнү саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салган. Теракттын жүрүшүндө 30дан ашуун ок атуу болгон. Айрым журналисттер имараттын чатырына чыгып, окуяны видеого тартышкан.