ЖЫЛНААМА, 8-ЯНВАРЬ: 11 жыл мурун балбан Раатбек Санатбаевди атып кетишкен

Мындан 11 жыл мурун, 2006-жылдын 8-январь күнү балбан Раатбек Санатбаевди Бишкектин 7-кичи районундагы күркөлөрдүн биринен сүт алып чыгып келе жаткан жеринен атып кетишкен. Балбан ооруканага жетпей каза болгон. Бүгүнкү күнгө чейин кылмыштын бети ачыла элек.

Раатбек Санатбаев 1969-жылы 7-майда Жалал-Абад облусунда үй-бүлөдөгү экинчи уул болуп төрөлгөн. 5-6-классында борбордогу спорттук мектеп-интернатта окуп калып, аны аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырган. Ошентип, спорт дүйнөсүнө аралашып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.
1994-жыл. “Vaanta” Эл аралык мелдеши, Гран-при.
1994-жыл. Хиросима (Япония). XII Азия оюндарында күмүш медаль, 2-орун.
1995-жыл. Манила (Филиппин аралдары). Азия чемпиондугунда 2-орун.
1996-жыл. Атланта (АКШ). XXVI Олимпиада оюндары.
1998-жыл. Бангкок (Таиланд). XIII Азия оюндарында күмүш байге.
1999-жыл. Афины (Греция). “Акропольс” Эл аралык мелдеши, алтын медаль.
1999-жыл. Ташкент (Өз­бекстан). Азия чемпиондугунда алтын медаль.
2000-жыл. Сеул (Түштүк Корея). Азия чемпиондугунда алтын медаль.
Раатбек Санатбаев 1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын үчилтигине кирген. Ал эми 2000-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tunerbei1812
2017-01-08 10:41:05
Кыргыздын белдуу жигиттеринин бири эле. Кудай бейишке чыгарсын.
+3
nemo2016
2017-01-08 13:08:31
Super.kg такталган малыматты жазатта оштон болобу жалал абадтан болобу баары бир кыргыздын сыймыгы болчу
+1
dasta
2017-01-08 16:51:31
Жогору кенещте депутат болгон беле*)))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан