Бразилиянын Боа-Виста шаарындагы түрмөдөн чыккан тополоңдон улам 30дан ашуун адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, каза болгондордун айрымдары жиликтенип, кээ бирлери өрттөлгөн. Тополоң эки кылмыштуу топтун ортосундагы пикир келишпестиктен улам чыкканы айтылууда.
Айта кетсек, 2016-жылдын октябрь айында Боа-Виста шаарындагы абакта тополоң чыгып, 25 адам каза тапкан. Анда 7 адамдын башы кесилип, 6 адамды тирүүлөй өрттөп салышкан.
Ошондой эле 2017-жылдын башында Амазон токоюндагы Манаус шаарына жакын жайгашкан абакта да тополоң чыгып, 60тан ашык адам каза тапкан.