Стамбулдагы түнкү клубга кол салган адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, шектүү - Өзбекстанда туулган Абдулгадир Машарипов. Ал Мухаммед Хорасан деген ат менен да белгилүү. Учурда аны кармоо иштери натыйжа бере элек.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна куралдуу кол салуу болуп, 39 адам каза тапкан. Ал эми 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Бул окуяга шектүүнүн сүрөтү жарыяланып, издөөгө алынган. Буга чейин түнкү клубга кол салган адамдын улуту уйгур болушу мүмкүн экени айтылган. Ошондой эле "клубга кол салган жаран менен байланышта болгон" деген шек менен 40 адам кармалган. Алардын көпчүлүгү Дагестан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынан келишкени айтылган.