Бишкек шаарынын 29 жаштагы М.Ч. аттуу тургуну арыз менен милиция бөлүмүнө кайрылган. Анын айтымында, 6-январдан 7-январга караган түнү саат 02:30 чамасында үйүнүн жанындагы белгисиз адамдар жолдошуна күч колдонуп "Нокиа" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан.
"Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Б.С. аттуу Бишкек шаарынын тургунун кармашкан", - деп жазылат маалыматта.
Учурда кармалган жаран тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөнү белгилүү болду.