Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат, бүгүн сот өкүмү чыгышы мүмкүн

Бүгүн, 10-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин кароону улантты. Буга чейинки отурумдарда жарыш сөздөр айтылган. Анда мамлекеттик айыптоочулар Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришип, соттон Базар-Коргон райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну суранышкан. Ал эми жактоочулар Аскаровдун негизсиз соттолгонун, аны эркиндикке чыгаруу керек экенин билдиришкен. Учурда акыркы сөздөр айтылууда. Бүгүн сот өкүмү чыгышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
berdish
2017-01-10 11:13:38
Ушуну актап жиберсе ажобузду эл душманы деп атасак болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан