"13 жаштагы аталаш карындашын зордуктады" деп айыпталып жаткан Эрлан Дөлөновдун иши боюнча соттук отурум 12-январга белгиленди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучунун эжеси Жылдыз Дөлөнова билдирди.
Анын айтымында, ишти Талас облустук соту карайт.
"Иним Эрлан Дөлөновдун күнөөсү далилденген эмес. Бир дагы экспертиза анын зордуктаганын тастыктаган жок, болгону жабырлануучунун кыздык белгиси жок экенин аныктады. Анан кандайча Эрланды күнөөлөп жатышат билбейм. Буга чейинки отурумдарда инимди "сот чечими чыкканга чейин" деп камакка алышкан. Буга жабырлануучу кыздын жактоочусу менен мыйзамдуу өкүлүнүн "Эрлан Дөлөнов тарабынан коркутуу болуп жатат" дегени себеп болгон. Эрлан тарабынан эч кандай коркутуу болгон эмес. Бизге да түшүнүксүз болуп калды. Далил жок эле камап салса боло береби? Учурда ал Талас облусундагы убактылуу кармоочу жайда", - дейт Дөлөнова.
Айта кетсек, SUPER.KG порталына Рахима Айкымбаева аттуу Талас облусунун тургуну кайрылып, бир тууган агасынын 13 жаштагы кызын аталаш тууганы Эрлан Дөлөнов зордуктап, 2012-жылдан бери аял катары колдонуп келгенин билдирген.
Бул ишти алгач Бакай-Ата райондук соту карап, 2015-жылдын 2-декабрындагы чечими менен Эрлан Дөлөновду Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу соттогон. Бул чечимге макул болбогон жабырлануучу тарап облустук сотко кайрылган. Талас облустук соту 2016-жылдын 21-январындагы чечиминин негизинде райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Ал эми 2016-жылдын 12-апрелинде Жогорку Сот ишти кайра кароо үчүн Бакай-Ата райондук сотуна жөнөткөн. Кайра жөнөтүлгөн ишти башка сот карашы керек болгондуктан Манас райондук соту караган. Анда Дөлөнов 132-берене боюнча айыпталып, 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Учурда ишти Талас облустук соту карап жатат. 2016-жылдын 18-ноябрында айыпталуучуну соттук териштирүү бүткөнчө камакка алуу чечими чыгарылган.