Базар-Коргон районунда 5 жаштагы баласын сабап өлтүргөн жаран 13 жылга соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 16-февраль күнү Базар-Коргон айылында болгон. Анда 1987-жылы туулган Нодирбек Мурахмедов аттуу жаран 2011-жылы туулган баласын "тил албайсың" деп таяк менен башка эки жолу чапкан. Ошол эле күнү саат 20:00 чамасында кичинекей сыналгысын сындырып койгону үчүн да сабаган. Ал эми саат 23:00 чамасында уулун жуундуруп коюу максатында чакырганда, ал качып ички бөлмөгө кирип кеткен. Артынан кирип жашы жете элек алсыз абалда болгон баланы башы менен бир нече жолу жерди сүздүргөн. Алган жарааттан улам бала ошол жерден каза болгон.
2016-жылдын 9-сентябрында Базар-Коргон райондук соту Нодирбек Мурахмедовду Кылмыш-жаза кодексинин "байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу эркинен ажыраткан. Ошондой эле 2 жыл сынак мөөнөтү белгиленген.
Ал эми биринчи инстанциядагы соттун аталган өкүмүнө апелляциялык тартипте сунуш Жалал-Абад облустук сотуна келтирилген.
Облустук сот иштин материалдарын изилдеп, апелляциялык сунуш менен каршы пикирдин жүйөлөрүн талкуулап, соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн, соттолуучунун акыркы сөзүн угуп, 2016-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 9-сентябрындагы өкүмү өзгөртүлүп, Нодирбек Мурахмедов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өлтүрүү" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген.