Бир нече күн бою тынымсыз жааган жаандын кесепетинен улам Таиланддын түштүгүн суу каптады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Жергиликтүү бийликтин билдиргени боюнча, 10-январга карата каза болгондордун саны 25ке жетти. Дагы 2 киши дайынсыз жоголгондордун катарында. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча департаменти билдиргендей, Түштүк Таиланддагы 360 миң турак жай жайгашкан 12 провинция суу алдында калган. Бул аймактарда 1,1 миллионго жакын эл жашайт. Мындан тышкары табигый кырсык 200гө жакын ички жолдорду, 60тан ашуун көпүрөлөрдү алып кетти. Катаал кырдаал Банг Сапхан аймагындагы Прачуап Кхирикхан провинциясында сакталып турат. Бул аймакта жайгашкан жергиликтүү ооруканадан 9-январда түнү менен бейтаптарды эвакуациялаганга туура келген. Автоунаа жана темир жол каттамдары убактылуу жабылып, баш калаа - Бангкоктон кырсык катталган аймактын курорттук шаары болгон Хуахинге чейин гана жетүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Эске сала кетсек, 8-январда Таиландда бир нече күндөн бери тынбай жаап жаткан жаандан улам жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча департаменти жана синоптиктер сел жүрүп, суу каптай турганын алдын ала эскертишкен.