Жайыл районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болду (фото)

Жайыл районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 10-январь күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Хонда СРВ үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган.

"Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар барышып, жеңил унаадан каза болгон адамдарды чыгарышкан. Оор жаракат алган 3 адам "Тез жардам" кызматы тарабынан Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан