Ооганстандагы кош жардыруудан каза тапкандардын саны 30га жетти. Бул тууралуу маалыматты Кабул шаарынын жергиликтүү ооруканасынын жетекчиси журналисттерге билдирди.
"Жаракат алгандардын саны 70ке жеткендиги айтылууда. Жабыркагандардын көпчүлүгү жергиликтүү тургундар жана парламент кызматкерлери болгон", - дейт оорукананын жетекчиси.
Биринчи жардыруу жан кечти тарабынан мамлекеттик парламенттин жанында болгон. Ал эми экинчисинде жарылуучу зат автоунаага коюлганы белгиленип жатат. Бул кол салууну “Талибан” кыймылы уюштурганын жарыялады.