Орусияда кыргыз үй-бүлөсүндө сүннөткө отургузулгандан кийин чарчап калган 3 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 6-январь күнү Красноярск аймагынын Ленин районунда болгон. Анда 31 жаштагы тургун тааныш хирургун үйүнө чакырып, 3 жаштагы баласын сүннөткө отургузган. Андан соң баланын абалы начарлап, чарчап калган. Учурда бул боюнча 28 жаштагы дарыгер суракка алынып, "байкабастан өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Алдын ала иликтөөлөргө караганда, хирург алгач балага оору сездирбөөчү дары сайган. Баланын чарчап калышына ошол дары себеп болушу мүмкүн.