Жети-Өгүз райондук прокуратурасы шектүү катары кармалган жарандын асынып алганы боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 8-январга караган түнү болгон. Анда Тамга айылындагы мейманкананы өрттөөгө шектүү катары 1992-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү ошол эле түнү бут кийиминин боосуна асынып каза болгон.