Кадамжайда бийиктиги 30 метр болгон аскадан боюн таштаган окуучу кыздын өлүмү боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 5-январь күнү саат 18:00 чамасында Орозбеков айыл аймагында болгон. Анда 9-класста окуган Адина бийиктиги 30 метрди түзгөн аскадан боюн таштап каза болгон.
"Окуучу кыз чоң атасы менен бирге жашачу, ата-энеси Орусияда болгон. Учурда туугандары, классташтары суракка алынышты. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп айтылат ИИмдин маалыматында.