Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 07:25 чамасында болуп, очогу Бешкент айылынан 4 чакырым түндүк-батышта, Карл Маркс айылынан 6 чакырым түндүктө, Сүлүктү шаарынан 28 чакырым түндүк-батышта жана Баткен шаарынан 82 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Карл Маркс, Бешкент, Жаңы-Жер айылдарында 3 балл, Жаңы-Жолдо 2,5 балл, ал эми Восточный, Кулунду, Ленин, Достукта 2 баллга сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан