Жалал-Абад шаарында таксистти коркутуп, унаасын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең менен саат 05:30 чамасында болгон. Анда 1998-жылы туулган Р.Н. аттуу тургундун башкаруусундагы унааны белгисиз адам тосуп, белгиленген жерге жеткирип коюшун өтүнгөн. Кийин ал айдоочуну коркутуп, Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, из жашырып кеткен. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А. уулу Б. кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын үстүнөн "автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.