ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: 8 жыл мурун Индонезияда кеме чөгүп, 200дөн ашуун адам набыт болгон

Мындан 8 жыл мурун, 2009-жылы 12-январда Индонезиянын Сулавеси аралынын жээгине жакын жерде "Тератей Прима" парому чөгүп, андагы 200дөн ашуун адам каза болгон. Кырсыкка кабылган кеменин бортунда 250 жүргүнчү жана экипаждын 17 мүчөсү бар болгон. Кеме Түштүк Сулавеси провинциясында жайгашкан Парепаре портунан 10-январда чыгып, Чыгыш Калимантан аймагындагы Самаринда административдик борборуна багыт алган. 12-январда катуу бороон жүрүп, 7-8 сааттан кийин бийиктиги 4 метрге жеткен толкун кемени жаап калгандыктан, ал чөгүп кеткен. Куткаруучулар кемедеги 19 адамдын өмүрүн сактап калууга жетишкен.

12-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан