Санкт-Петербургда белгисиз адамдар тарабынан бычактан жаракат алган Кыргыз жаранынын абалы оор

Санкт-Петербургда белгисиз адамдар тарабынан бычактан жаракат алган Кыргыз жаранынын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда орусиялык Life.ru маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, окуя 12-январга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Энергетиктер көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адамдар 32 жаштагы Кыргыз жаранын бычактап, бетин тилип кетишкен. Ага операция жасалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Азырынча жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
madina.87
2017-01-13 09:26:53
Кор болдунго кыргызым.
Ушулардын убалы бийликтегилерге жетсин ылайым!!!!
+35
Kaary
2017-01-13 09:49:25
Кудайым шыпаа берсин жана баарыбызды Кудай Таалам өзү сактасын!
+15
eduardali
2017-01-13 09:50:12
Аллах шыпаа берип жакшы болуп кетсин.Аллах кыргызымды кырсыктан жалган жалаа куру дооматтан сакта ылайым.
+14
Begimkyz
2017-01-13 10:19:13
чет жерде жургондорго Кудай тынчылык эле берсинчи, мен да эрте менен 4то ишке кетем кочодо коркуп атып. Балдарыбыздын кашына жакшы иштеп кетсек экен.
+15
farida.kg.1991
2017-01-13 12:42:32
кудай сактасын.
+5
Bazik_kg87
2017-01-13 13:55:24
Биздин президенттерге мурунку кийинки бийликтегилерге рахмат бизди ушинтип талаага таштап койгонуна
+4
tatynam_88
2017-01-13 14:02:09
Ашаны мигранттар кымындай кызыктырбай койдуго.а так биздин акчаларга чардашат.бар болгула
+1
Azizbek.kg8
2017-01-13 15:41:01
Шыпаасын берип айыгып кетсин.
+3
Ali-91
2017-01-13 17:23:42
Өлкөбүздө иш орундарды түзүп бербебеген бийликтегилерге наалат болсун.Чет жерде Кыргыздар кор болду.
+3
isabek1977
2017-01-13 18:30:46
Бул мезгилдер да отуп кетет.Келечекте олкобуз онугуп,жарандарыбыз иш менен камсыз боло турган кун дагы алыс эмес деп ойлойм.
+4
argen.kg4
2017-01-13 22:09:47
Мууздап дебей бычактап дейличи бай болгурлар.
Сакайып кетсин байкуш.Кор болдук го ботон жерде.
+2
Ananai
2017-01-13 23:44:41
Кокуй эмне дейт? Ошондо мууздалган болгондо олуп буттубу? Же кандай тушунбой калдым...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан