Бишкекте унаасына жасалма "крутой" номур тагып алган айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-январь күнү Масалиев көчөсүнөн B 7777 B номурлуу Jaguar үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Тиешелүү документтерди текшере келгенде B 7777 B номуру унаага тиешелүү эмес экендиги белгилүү болгон. 1987-жылы туулган К.К. аттуу айдоочунун айтымында, бул номурду Ош шаарынан таап алган. Учурда ага айып салынып, унаасы айып жайга токтотулду.