Медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына азыркы учурда 6 бала келип түшкөн. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Данияр Шайбеков билдирди.
"Учурда келип түшкөн балдардын саны 6, алардын ичинен экөө апасы менен келип жатты. 7 бейтапка медициналык жардамдар көрсөтүлдү. Балдардын баарынын баш мээлери чайкалган. Абалдары туруктуу, бирөөнүн башында, ээгинде жаракаты бар, ошондой эле таман сөөгү сынып кеткен. Эмеректердин алдына кирип кетип, урандылардан сактанып калышкан окшойт".
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков 1 адам оор абалда экенин билдирди.
"Бүгүн эртең мененки саат 10дор чамасынан тарта жабыркагандар келишти. Алардын экөө жаш балдар болгондуктан, Медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына котордук. Бир адамдын абалы оор боюнча калууда. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, тиешелүү дары-дармектер менен камсыздадык. Анын денесинин 45 пайызы күйүп калган. Саат 11:20 чамасында дагы бир бейтап кайрылган, бирок ал өз каалоосу менен убактылуу ооруканадан чыгарылды. Алгачкы жардамды көрсөтүп кетирдик, себеби анын үй-бүлөсү ушул кырсыктан жабыркаган".