Жети-Өгүздө балык кармаганы кеткен эки тургундун биринин жансыз денеси табылды

Жети-Өгүз районунда балык кармаганы кеткен эки тургундун биринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 16-январь күнү саат 19:00 чамасында аталган райондун Жеңиш айылында эки тургун балык кармаганы чыгып кетишип, кайтып келишкен эмес. Издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана туугандары тартылып, 19-январь күнү саат 16:20да 1997-жылы туулган Эрмек Жыргалбаевдин жансыз денеси көлдөн табылган. Ошол эле учурда туугандарына өткөрүлүп берилген. Учурда экинчисин издөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан