"Манас" аэропортунда чет өлкөлүк жарандан 300 доллар алып, аны өлкөдөн чыгарып жиберген чек арачыларга кылмыш иши козголду

Мамлекеттик чек ара кызматынын жана "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты бүгүн, 20-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аскер прокуратурасынын текшерүүсүндө аталган аэропорттун көзөмөл-өткөрмө пунктунда тартип бузуулар аныкталган. Анда аталган мекемелердин кызматкерлери М.М. аттуу чет өлкөлүк жарандан 300 доллар талап кылып, чыгуу визасы жок эле Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберишкен. Алар Т.А. аттуу жарандын жашы жете элек баласын да анын уруксаты жок өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Натыйжада жаран баласы менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Lion.
2017-01-20 15:12:38
Менден 3000 сом алып чыгарышкан жакында эле. Ата-Энесинин уруксаты жок деп. Айла жок беришке туура келген. 24-ноябрь 2016-жыл саат 17-15де учканбыз
+2
Luna15
2017-01-20 15:39:17
биздагы Россиянын жараныбыз,4кун отуп кетиптир пропискага турбапсынар деп кетип жатканда мин рублдан берип чыкканбыз декабрда,болбосо 10мин штраф дешип
+2
naz2015
2017-01-20 18:02:00
Негизи паспортный контрольдон отуп жатканда жазып коюшпайт же айтып коюшпайт 5 кундун ичинде регистрация кылыш керек деп,куну отуп кетти штраф дегенди эле билишет биз кайдан билебиз!
+1
Kroxa
2017-01-20 19:59:50
Мен учам балам менен жакында эмне дешеер экен..
0
bond02
2017-01-21 23:25:21
Биздикилерге акча берсен айга деле учуруп коюшат Батукаевдей кылып от души.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан