Оштогу Кытай өкүлчүлүгүнүн имаратына бөтөлкө ыргыткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2016-жылы 6-июлдан 7-июлга караган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар бош бөтөлкөнү Кытай өкүлчүлүгүнүн имараты жакка ыргытып, из жашырып кетишкен. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү мындай кадамга барган адамды таап берүү өтүнүчү менен арыз жазган. Алар жарандар тарабынан мындай кадамдын болгонуна тынчсызданып жатышкандыгын билдиришкен.
Жүргүзүлгөн иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында бул бейбаштыкка шектүү адам аныкталып, 19-январда кармалган. Ал Ош шаарынын тургуну, мурда уурулук менен соттолгон 1987-жылы туулган Г.Р. болуп чыкты. Өз кѳрсѳтмѳсүндѳ ал жерде Кытай өкүлчүлүгү бар экенин билбегендигин, түнү досу экөө арак ичишип, бөтөлкөсүн жол боюна таштагысы келбей, темир тосмодон ашырып ыргытып жибергенин билдирген. Ошондой эле Кытай өкүлчүлүгүнө, мамлекетине эч кандай жек көрүү сезимдери жок экенин айткан. Учурда анын бул аракети боюнча кошумча иликтѳѳ иштери жүрүп жатат.