Аксы районунда "Йакын инкар" тобунун 10 мүчөсү кармалды

Аксы районунда "Йакын инкар" тобунун 10 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-январь күнү аталган райондун Кызыл-Туу айылында муфтияттын атайын уруксаты жок даават кылып жүрүшкөн 10 адам кармалган. Алардын баары Нарын облусунун тургундары болушкан. Ошондой эле "Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү экендиги аныкталган. Аларга диний жөрөлгөлөрдү уюштуруу жана өткөрүүдө эрежелерди бузгандыгы үчүн административдик айып салынып, коё берилген. Эрежеге ылайык, дааватка чыга турган адам алгач өзү жашаган аймактагы казыяттан уруксат алып, белгиленген жерге келген соң жергиликтүү милицияга жана имамдарга кабарлашы зарыл.

“Йакын инкар” - "дааватчылар" деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Ага өлкөдө эч кандай тыюу салынган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
munduz2016
2017-01-21 17:18:01
Мыйзам жолу менен чыгышса жакшы болмок.
+2
A3A
2017-01-22 11:49:18
Тyуpа эмес жолдо мыйзамсыз жуpгондорго кучтyуpок чара колдонуy керек
0
talant87
2017-01-21 17:30:18
Алаанын атын сатып башка динге угутобогуло момун мусулмандар
+4
sagynbek.apyshev
2017-01-21 19:19:49
talant87,озунун жаратуучунун атын туура жазалбайсынбы Алаа эмес Аллах
0
Patriotkgz93
2017-01-21 20:06:12
sagynbek.apyshev,. Аллаh же Алла Таала деп жазыңвз.
+2
bekiw.801
2017-01-21 17:44:13
Тушунуксуз ар башка багыттар көбөйүп кетишти
+2
Patriotkgz93
2017-01-21 20:06:37
bekiw.801,. Кыйаматтын белшиси
-2
kanyshai_2011
2017-01-21 18:19:22
уйумдар еле коп тушунбойсун бир кудайга гана ишегем.
+2
aslan_akjol89
2017-01-21 18:34:09
Кыяматка жакын мусулмандар 72 фыркага болунот деп айтылат.
+4
Patriotkgz93
2017-01-21 20:06:59
aslan_akjol89,.73
0
israil
2017-01-21 21:51:14
Кереги жок ушулардын
0
Almagul.akylbekova
2017-01-21 22:56:42
Кудай ааай Аллахым сактасын баарынан туура жолго гана угутто кылган куноолорубуздун баарын кечире кор азыр озу чындыгында кыяматтын белгилери коп боло башталды дуйнонун ар бурчунда топ топ адамдар олду деген жаш балдар олду деген
+1
shamshiev.80
2017-01-22 13:27:09
"Мусулманмын" деген бир эле динде болойлучу мекендештер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан