Италиянын түндүк-чыгышындагы автокырсыктан 16 окуучу каза болду

Италиянын түндүк-чыгышындагы автокырсыктан 16 окуучу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык 21-январга караган түнү Верона шаарына жакын жерде болгон. Анда Франциядан Венгрияга бара жаткан автобус жол жээгиндеги зым карагайды сүзүп, күйүп кеткен. Ошол учурда автобустун ичинде 14 жаштан 18 жашка чейинки мектеп окуучулары болушкан. Кырсыктын кесепетинен 39 окуучу жабыркап, 16 окуучу каза тапкан. Алар кышкы эс алуудан кайтып, үйлөрүнө бара жатышкан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Almagul.akylbekova
2017-01-21 18:17:34
Кудайым жаткан жерлерин жайлуу кылсын,топрактары торко болсун,Жаратканым бейишинен оорун берсин,урматтуу мусулман бир туугандарым айтарым эсибизге келели куноо иштерди азыраак кылалы себеби бул нерселер кыяматтын белгиси болуп атат.
+10
farida.kg.1991
2017-01-21 18:25:23
Аллах өзүнө керек пендесин өзү алып коет экен жайлары жаннатан болушсун он гүлүнүн бири ачыла элек жапжаш кетиптир.
+7
arzygulR
2017-01-21 19:37:14
Жаткан жерлери жайлуу болсун
+7
UlukmanKalyev
2017-01-21 21:06:57
Кырсык каш кабактын ортосунда деп бекер айтылбаганда.
+1
ayjan_90
2017-01-21 21:31:37
Оо кудай тынчтык болсун ылайым дуйнодо окуучулардын жайлары бейиштен болсун оомин
+1
Kroxa
2017-01-22 03:48:33
Жалан эле кырсыктан олгондор кобойду,,кудайым сактаса экен...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан