Жалал-Абад шаарында октон жабыркаган жеке ишкер каза болду. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, жабырлануучу Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, тилекке каршы, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Каза тапкан жаран Жалал-Абад шаарындагы "Таж-Махал" кафесинин ээси болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү кармалды. Жалал-Абад ОИИБи ал тууралуу дүйшөмбү күнү толук маалымат берилерин билдирди.
Айта кетсек, окуя 18-январь күнү саат 17:00 чамасында Жалал-Абад шаарында болгон. Анда белгисиз адамдар 1954-жылы туулган тургундун унаасын кысып токтотушуп, тапанча менен башка атып, из жашырып кетишкен.