АКШнын түштүк-чыгышында болгон торнадо 18 адамдын өмүрүн алды

АКШнын түштүк-чыгышындагы Жоржия, Флорида жана Алабама штаттарында болгон торнадо 18 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу "Ассошиэйтед Пресс" басылмасы жазып чыкты. Буга чейин торнадонун айынан 15 адам каза болгону айтылган.

Жоржиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин өкүлү Кэтрин Хоуден каза болгондордун саны 15тен 18ге көбөйгөнүн айткан. АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп жогоруда аталган штаттарда торнадодон жабыр тарткандарга федералдык жардам берерин убадалаганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан