Жети-Өгүз районунда балык кармаганы кеткен экинчи тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда маркумдун жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 16-январь күнү саат 19:00 чамасында аталган райондун Жеңиш айылынын эки тургуну балык кармаганы кетишип, кайтып келишкен эмес. Издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана туугандары тартылып, 19-январь күнү саат 16:20да 1997-жылы туулган Эрмек Жыргалбаевдин жансыз денеси көлдөн табылган. Ал эми 1987-жылы туулган Тойчубек Абдышевдин жансыз денеси кечээ, 22-январь күнү табылды.