Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды

Бүгүн, 23-январда саат 05:28де Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында көлөмү 7200 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолду тазалоого №23-Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер жана 2 жүктөгүч тартылды. Кар көчкүдөн жабыркагандар жок.

Эскерте кетсек, буга чейин 23-24-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөрү тууралуу маалымат таратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ananai
2017-01-23 10:24:18
Жолго чыгаарда абайлагыла туугандар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан