Кичинекей балдардын жылаңач сүрөтү үчүн акча сунуштаган жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган факт кылмыш каттоо китепчесине 133-берене (ыплас аракеттер) боюнча катталды. Азыркы тапта топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин интернетке Игорь аттуу адамдын ok.ru сайтынын колдонуучусу менен жазышканы жарыяланган. Анда ал интернет колдонуучуга кичинекей балдарынын жылаңач сүрөтүн жөнөтсө, 500 евро, ал эми аларды сабап видеого тартканы үчүн 2500 евро берерин айткан.