Азимжан Аскаровдун иши боюнча өкүм окулуп жатат

Бүгүн, 24-январда Чүй облустук сотунун судьясы Кыдык Жунушпаев Азимжан Аскаровдун иши боюнча өкүмдү окуп жатат. Буга чейинки болгон отурумдарда айыпталуучу акыркы сөзүн айтып, соттон аны актоону өтүнгөн. Ал эми жактоочулар Аскаровдун күнөөсүз экенин айтышып, эркиндикке чыгарууну суранышкан болчу. Мамлекеттик айыптоочулар Азимжан Аскаровдун күнөөсү толук далилденгенин жана райондук соттун чечимин күчүндө калтыруу керектигин айтышкан. Мындан улам соттук коллегия өкүм чыгаруу үчүн кеңешмеге кеткен эле.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurbek11
2017-01-24 10:34:54
Ушул ХХХ иши ич эле бутподу да. Мага берсенер ХХХ элемго чиркин.
0
BekAmir
2017-01-24 10:45:18
ХХХ керек Аскаровту
0
admin_portal
2017-01-24 10:58:20
BekAmir, nurbek11, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Оозеки эскертүү!
0
futboler
2017-01-24 10:47:55
Колдорунан эч нерсе келбейт, муну да самолетко салып узатып коюшат шаан-шокот менен
0
ali1995
2017-01-24 11:09:17
Караш керек.бул адамды куулук кылып ататда.эл аралык укук кооргоочулардын жардамы мн
0
ady-88
2017-01-24 11:20:21
Ушул [moderated]ин эч жаны тынбадыда. Бироону олтуруп жатканда кыйынсын анан озун омур бою турмого отургузуп жатканда чый пыйын чыгып жатат [moderated]жон. Дагы кыргыздын жеринде жашап жатып кыргыздарды сойгула кыргыла деп бакырат. Мен эми точно банга тушпосом болду. Админ сураныч банга тыга корбонуз
+1
azamat.k
2017-01-24 11:37:30
Сурак кылбай камаш керек,куноосу бар учун соттон сотко суйролуп журот да.Эгерде актасанар Ак уйдун астына пикет кылам,анда баардык турмодо олтурган Кыргыздарды актасын деп.
+1
cico
2017-01-24 11:43:07
azamat.k, сени колдойм дагы условный бериш крк
0
Manutd.kg
2017-01-24 12:02:19
Сакал коюп момун болуп калат тим эле,колунан жаман иш келип жатканда мусульманчылыгы кайда болчу. Кунону кылганын маркум Мыктыбек Сулаймановтун уй булосу эмес,Кыргыз эли бардыгы билетко. Сот актап салса сотторду,Аллахтын озуно койобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан