Ош облусунун Араван районунда 3 окуучу бычактан жаракат алып ооруканага түштү. Ош ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев SUPER.KG порталына тастыктагандай, окуя 20-январдан 21-январга караган түнү болгон.
20-январда аталган райондун Тепа-Коргон айылында баскетбол боюнча мектептер аралык мелдеш өтүп, ошол маалда эки мектеп окуучусунун ортосунда уруш чыккан. Мелдеш учурунда экөөсүн ажыратып коюшкандыктан, чыр ырбаган эмес. Маалыматка таянсак, бири-бирине өчөшүп калган окуучулар ошол күнү кечинде атайын жолугушуп маселе чечүүнү көздөшкөн. "Разборкага" эки тараптан төрттөн, жалпы 8 окуучу барган. Уруш чыгып, бир окуучу экинчи тараптын 3 окуучусуна бычак сайып салганы белгилүү болду. Дагы бир окуучу башынан жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Балдардын абалы канааттандырарлык экени айтылды. Кылмышка шектелип 4 окуучу кармалган, учурда Араван райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурушат.
Окуя боюнча алгач "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүшүндө "денеге атайылап зыян келтирүү" беренесине өзгөргөнүн айтты Ашырбаев. Териштирүү жүрүүдө.