Кытайда пиротехника сатылган дүкөндөн өрт чыгып, 5 адам каза болду

Кытайда пиротехника сатылган дүкөндөн өрт чыгып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 24-январда кечинде Юэян шаарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан. Дүкөн 4 кабаттуу имаратта жайгашкан.

Сатып алуучу петарда алып, дүкөндүн жанына аттырып жиберип, өрт чыккан. Өрт толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен бир нече автоунаалар күйүп кеткени кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан